Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 18:24
 

“Дыйкан” базарынын администрациясы талаптарды аткарган жок, ошондуктан жабылат - Бишкек мэриясы

“Дыйкан” базарынын администрациясы талаптарды аткарган жок, ошондуктан жабылат - Бишкек мэриясы

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. “Дыйкан” базарынын администрациясы талаптарды аткарган жок, ошондуктан жабылат деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынан.

Маалыматка караганда, КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан коюлган талаптарды “Дыйкан” базарынын администрациясы бүгүнкү күнгө чейин аткарган эмес. Экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы КР Экономика министрлигинен ишкердик субъектини текшерүүгө жолдомо алган соң (каттоо коду №05243416-11) 2016-жылдын 6-10-октябрында комплекстүү текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүдө экологиялык жана технологиялык коопсуздук боюнча нормалар жана эрежелер бузулган 11 факт табылган. 10-ноябрда аталган ведомство тарабынан кайталанып текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында нормаларды жана эрежелерди бузуунун негизги фактылары четтетилбегени аныкталган.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу максатында “Дыйкан” базарын жабуу боюнча зарыл документтерди даярдоодо.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу