Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 18:19
 

Депутат курттаган унду саткан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда

Депутат курттаган унду саткан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылууда

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Депутат социалдык объектерге курттаган ундарын саткандыгы үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабеков, борбордук аппараттын жетекчилигин, лабораториялардын адистерин жана кампанын жетекчисин жоопкерчиликке тартууну талап кылууда.

Депутат Жыргалбек Турсункулов (“Республика – Ата-Журт”) “Кабар” агенттигине билдиргендей, аталган кызматкерлер резервдеги ундардын курттап кеткенин жокко чыгарып келишкен болчу.

“Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ушундай окуя катталганын өзү айтты. Ал азыр чечим кабыл алуу үчүн Финансы полициясынын юридикалык баасын күтүп жатат. Мен 22-сентябрда эле Өкмөт башчыдан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда ушундай окуя катталыптыр, кабарыңыз барбы деп сурагам. Ал биле турганын жана ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн айткан. Муну менен катар депутаттык комиссия дагы бул фактыны текшерген. Биз №97 училищага курттаган унду бергенин видеого тартып алганбыз. Аларга биринчи жолу 2 тонна унду бөлүшкөндө мекеме кайтарып берип салган, бирок ушундай эле окуя 2 ирет дагы кайталанган”,-деди ал.

Белгилесек, бүгүн ведомстволор аралык комиссия КР Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик материалдык резервдер фонду колдонгон ундун жараксыздыгы тууралуу тыянак чыгарды.

Эске сала кетсек, премьер-министр С.Жээнбековдун тапшырмасы менен 2016-жылы 30-сентябрда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду колдонуп жаткан ундун сапатын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Мурда депутат Ж.Турсункулов бул маселени видео далилдери менен парламентте бир нече ирет көтөргөн. Бирок, Мамматрезервдер фонду анын барын жокко чыгарып келген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу