Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 17:53
 

Ашууларда абанын температурасы -20 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. 16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо каар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар токтоп, тоскоолдуктары жаратат. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүлөрү пайда болорун билдирет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши белгиленүүдө.

КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдиргендей, Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу ашууларында абанын температурасы - 20 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарларында 16-17-ноябрда нөшөрлүү жаан, кар жаашы күтүлүп, батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши кутүлүүдө, абанын температурасы түнкүсүн 0 градустан төмөндөйт.

“16-17-ноябрда белгиленип жаткан туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатаарын эскертебиз”,-деп айтылат ӨКМнин билдирүүсүндө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу