Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 16:12
 

“Түндүк электр” Бишкек шаарында карызын төлөбөгөн 3 миң абоненттин электр энергеясын өчүрдү

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Шейшемби күнү, 15-ноябрда Кыргызстандын борбор калаасында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “акылдуу” аталган эсептегичи орнотулган (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) үч миң абоненттин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, бейшемби күнү эртең менен, төлөм терминалдарынан өз маалында жүргүзүлбөгөн эсептерди төлөгөндөн кийин жарым саат ичинде 373 абоненттин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө кошулду.

2016-жылдын 1-ноябрына болгон абал боюнча “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 115 миңден ашуун электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган электр эсептегичтерди орнотту.

ЭКЭАМЧАС эсептегичтери
- автоматтык түрдө көрсөткүчтү учур чак менен “Түндүк электр” серверине жөнөтөт;
- кубаттуулуктун чегинен чыкса электр энергияны автоматтык түрдө өчүрөт;
- автоматтык түрдө аласа карыз үчүн өчүрүлөт жана төлөм кабыл алынган соң кошулат;
- эсептегич жабдыктын ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттер боюнча автоматтык түрдө маалымдайт.

Эске салабыз, өчүрүлгөн абоненттер өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөрүн төлөр замат дистанциондук түрдө электр камсыздоого кошулат. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банка» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу