Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/11 14:59
 

Алмазбек Атамбаев Румен Радевди Болгария Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Румен Радевди Болгария Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Румен Радевдин жеке көмөгү алдында өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине таянган кыргыз-болгар мамилелери мындан ары бекемделерине ишеним билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган Президент Румен Радевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгилик, ал эми дос Болгария элине – бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу