Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
15/11 12:39
 

Президент УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директоруна коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Президент УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директоруна коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруунун бардык деӊгээлинде коррупцияга каршы туруу иштерин жандантуунун жана күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, УКМК АКК алдында антикоррупциялык иштердин натыйжалуулугун арттыруу жана коррупцияны алдын алуу боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Президенттин оюнча, Антикоррупциялык кызмат жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүүгө, коррупция менен күрөш чараларын өркүндөтүүгө жана коомчулук менен ишти күчөтүүгө тийиш.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу