15.11.2016, 12:04

Ө.Текебаевдин батиринен колдун манжаларынын 6 тагы алынып, зарыл болгон соттук экспертизалар жүргүзүлүүдө – Бишкек ШИИБ

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Бишкек ШИИБсынан “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин батиринин тонолгондугуна байланыштуу окуянын чоо-жайын айтып беришти.

Маалыматка караганда, 14-ноябрда саат 12:50дө Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБсына Баетов көчөсүндөгү батир тонолгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт боюнча Бишкек ШИИБсы менен Биринчи Май ИИБсынын кызматкерлери аталган дарекке келишкенде Текебаева А.Т.14-ноябрда саат 12:50дө үйгө келип ача албаганын, үй ичинен бекилип калгандыгын, ушундан улам 102 номерине чалгандыгын айткан.

Сурамжылоодо батир ЖК депутаты Ө.Ч.Текебаевдин жубайына тиешелүү экендиги, 3 бөлмөдөн турарлыгы, 2-кабатта жайгашкандыгы, бул батирден алар 1 ай мурда башка батирге көчүп кетишкендиги аныкталган.

Батирди текшерүүдө колдун манжаларынын 6 тагы алынды. Учурда зарыл болгон соттук экспертизалар жүргүзүлүүдө. Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБсына катталганын башкалаанын ШИИБсынан билдирди.