Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 11:39
 

Бишкекте Дүйнөлүк диабет күнүнө карата “Биз биргеликте күчтүүбүз” аттуу акция болуп өттү

Бишкекте Дүйнөлүк диабет күнүнө карата “Биз биргеликте күчтүүбүз” аттуу акция болуп өттү

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Орус драма театрынын жанында Эмен багында башкалаанын көмөгү менен 14-ноябрь - Дүйнөлүк диабет күнүнө карата “Биз биргеликте күчтүүбүз” аттуу акция болуп өттү.

Башкалаанын мэриясынан билдиргендей, вице-мэр Айгүл Рыскулова иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, кант диабетин жеңип, жашап кетүүгө болорлугун, бул үчүн дайыма ден соолукка кам көрүп жүрүү керектигин белгиледи.

Иш-чаранын максаты – коомчулуктун жана маморгандардын көңүлүн кант диабети көйгөйүнө буруу болуп саналат. 2016-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 47561 кант диабети менен ооругандар катталган. Алардын 331и балдар. Бул оорулуулар Кыргызстанда көп көйгөйлөргө туштугушат. Мамлекеттик балдар бакчалары мындай оорулуу балдарды алышпайт, ал эми мектептерде алар үчүн жөнөкөй эле шарттар жок.

Иш-чарага катышуучулар дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашып, кандагы канттын көлөмү көнүгүүлөрдөн мурда жана көнүгүүлөрдөн кийин кандай болуп калаарына көңүл бурушту. (Сүрөттөр kyrgyztoday.kg сайтынан алынды).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу