Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/11 09:21
 

Бишкекте административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялардын судьялары үчүн семинар өтүүдө

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби 2016-жылдын 14-15-ноябрында «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» аталыштагы семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Семинарга Бишкек шаардык сотунун жана облустук соттордун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын жана райондор аралык соттордун 18 судьясы катышууда.

Иш-чаранын лекторлору – Чинара Садырова, Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы,Эрмек Иманалиев - «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» GIZ Программасынын эксперти, «Коомдук укук институту» коммерциялык эмес мекемесинин башкармалыгынын төрагасы (Кыргызстан), Сандра Хорина, «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун негизги эксперти.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу залында өткөрүлүүдө.

Семинар өлкөбүздө жүрүп жаткан сот реформасынын алкагында, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашыруу максатында, Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы жана Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу