Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 17:48
 

ӨКМ: 15-ноябрда айрым тоолуу аймактарда кар жаайт

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. 15-ноябрда кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

16-17-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт

18-ноябрда түнкүсүнкөпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
19-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу