Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
14/11 16:33
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоолорго даярдыктан кабар алды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоолорго даярдыктан кабар алды

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоого даярдык көрүүдөгү өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле шайлоо комиссияларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелери талкууланды.

«Участкалык аймактык комиссиялар жер-жерлердеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда, участкаларды материалдык-техникалык жактан камсыздоодо көмөк көрсөтүлгөн», – деп маалымдады Нуржан Шайлдабекова. Учурда шайлоо участоктору ачылууда, шайлоо мыйзамына ылайык шайлоочулар тизмесин тактоо процесси 2016-жылдын 26-ноябрына дейре улантылат.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эскерткендей, шайлоо мыйзамына ылайык добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары, анын катарында чет өлкөдөгү кыргыз жарандары да катыша алат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 3-ноябрында «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, референдум 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге белгиленген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоону дайындоо тууралуу» 2016-жылдын 10-октябрындагы Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды кезектеги шайлоосу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтогондугуна байланыштуу 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге белгиленген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу