Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 15:45
 

Россияда ИГИЛден даярдыктан өтүшүп, РФда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө теракт жасоого камынып жүргөн террорчулар колго түштү

Россияда ИГИЛден даярдыктан өтүшүп, РФда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө теракт жасоого камынып жүргөн террорчулар колго түштү

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. РФнын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) КР Мамлекеттик улуттук копсуздук комитети (МУКК) жана Тажикстандын МУККу менен биргеликте ИГИЛда даярдыктан өтүп, РФда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө теракт жасоого камынып жүргөн террорчуларды колго түшүрдү. Бул тууралуу КР МУККнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Россиянын ФККсы Кыргызстан менен Тажикстандын МУККсы менен биргеликте 2016-жылдын 12-ноябрында Москва жана Санк-Петербург шаарларында Сирия аймагында ИГИЛ террордук уюмунун лагерлеринде даярдыктан өтүшкөн, курамында Борбордук Азия мамлекеттеринин бир нече жарандары бар диверсиялык-террордук топту колго түшүрдү.

Аталган террордук топтун ишмердиги Сирия аймагынан башкарылып турган. Алар Россиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактарында ири масштабдагы террордук акцияларды ишке ашырууну максат кылышкан. Кармалгандар террордук уюмга киришкендиктерин жана теракттарды пландап жүрүшкөндүктөрүн моюнга алышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу