Коом

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
14/11 15:27
 

Айыл өкмөт жана айылдык кеңештердин кызматкерлери үчүн бир жылдык окуу аяктады

 Айыл өкмөт жана айылдык кеңештердин кызматкерлери үчүн бир жылдык окуу аяктады

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Ханнс Зайделдин Борбордук Азиядагы фондунун өкүлчүлүгү көмөгү менен уюштурулган айыл өкмөттөрдүн жана айылдык кеңештердин маанилүү кызмат адамдары үчүн өткөрүлгөн 72 сааттык курстар жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди.

Бир жылга созулган бул окуу учурунда айыл өкмөттөрдүн башчылары, алардын орун басарлары, айыл өкмөттөрдүн жооптуу катчылары жана айылдык кеңештердин депутаттары билим гана албастан айыл аймактарды мындан ары өнүктүрүүгө болгон пикирлерин алмашышып, биргеликте төмөнкү сунуштарды киргизишти.

Саясий маселелер:
1. Сунуш: Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү аркылуу калкынын саны 3 миңге жетпеген айыл аймактарын бириктирүү.
Себеби: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 453 айыл аймагы бар. Ал айыл аймактарда жашаган элдин саны ар түрдүү. Элдин саны бир миңге жетпеген айыл аймактары ондоп саналат. Ошол эле учурда элинин саны кырк миңдин тегерегиндеги айыл аймактары да бар. Баардыгына жүктөлгөн жоопкерчилик дээрлик бирдей эле. Кызматкерлердин саны бир аз гана айырмаланат. Өлкөбүздөгү айыл аймактардын 80% дотацияда тургандыгын, анда иштеген кызматкерлердин айлык акысынын аздыгын эске алсак, жогоруда айтылган айыл аймактарын ирилештирүү аркылуу алардын санын кыскартып, ошол эле учурда үнөмдөлгөн каражаттарды жеркигиликтүү бюджетке жумшоо менен элге айыл өкмөттөрү тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга болот.
Оң таасирлери: Айыл аймактарынын ирилениши менен ар бир айылда айыл башчысынын ролу жогорулайт, жергиликтуу бюджетти аткаруу жана башкарууну жөңгө салса болот, муниципалдык кызматкерлердин эмгек акыларын көтөрүүгө өбөлгө түзүлөт.
Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Айыл аймактарын ирилештирүүдө жергиликтүү элдин макул болушу күмөн. Жайытты, сугат сууну бөлүштүрүү жана элдин уруу-урууга бөлүнүү маселеси ирилешүүгө чоң тоскоолдук жаратат.

2. Сунуш: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КРнын мыйзамындагы 18- жана 20-беренелерин кайрадан карап чыгып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн укук, милдеттери так аныкталып жана ажыратылуусу.

Себеби: 18-беренеде Жергиликтүү маанидеги маселелер, ал эми 20-беренеде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары жазылган. Бул беренелерди кылдаттык менен кайрадан ревизиялап чыгуу абзел. Мисалы: 18-беренеде айыл жеринде элди таза суу менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн түздөн түз милдетине кирет. Бирок, бүгүнкү күндө айылдарга таза суу системасын киргизүү Мамлекеттик таза-суу менен камсыз кылуу департаменти жана АРИС аркылуу донор уюмдардын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Ал эми таза суу менен камсыз болгон айылдарда элге таза сууну жеткирүү милдетин Коомдук уюм ишке ашырат. Айыл өкмөтүнүн орду дээрлик жокко эсе.
Ошол эле берененин бир пунктунда айылда спорттук иш-чараларды уюштуруу жергиликтүү маанидеги маселе катары айыл өкмөтүнүн милдетине кирип турат. Бирок ал ишти алып бара турган кызматкердин орду айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинде каралган эмес. Анда ал ишти ким аткарыш керек? Жоопту катчыбы, социалдык маселелер боюнча адиспи же ким? Ушул сыяктуу так аныкталбаган укук-милдеттер 20-беренеде да кездешет.

Оң таасирлери: Жергиликтүү маанидеги маселелер такталса биринчи кезекте Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Айыл өкмөтү, Мэрия жана жергиликтүү кеңештер) өздөрүнун аткара турган иштерин, милдеттерин так билип алышат. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар дагы жер-жерлерде кайсы иштерге милдеттүү экендиктерин так ажыратып билүүлөру керек.
Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Жогорудагы мыйзамдын 18-20-беренелерине тактап, так ажыратуу менен бир катар тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Мындай өзгөртүүлөр тажрыйбалуу адистерди жана убакытты талап кылат.

3. Сунуш: Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыгын коргогон бирикмелеринин ишин жандандыруу.
Себеби: Алардын областтык жана райондук денгээлде иш алып баруусу байкалбайт. Ошондуктан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун ишин жандандыруу керек. Өнуккөн мамлекеттерде ушундай бирикмелер аркылуу мыйзамдардын кабыл алынышына, көйгөйлөрдү ачып берип, коомдук-саясий чечимдердин чыгышына таасир этүү жолдору кеңири таралган.

Оң таасирлери: Эгерде жер-жерлерде бирикмелердин иши жанданса, биринчи кезекте өздөрүнүн укуктарын коргоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында чыга турган укук-ченемдик актылардын сапаттуу чыгышына таасир эте алышат, тармакта болуп жаткан көйгөйлөрдү бир үн менен чагылдыра алышат.
Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Көпчүлүк шаарлар жана айыл аймактары мындай бирикмеге мүчө болуудан пайда көрүүгө ынанбайт.

4. Сунуш: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мыйзамсыз, негизсиз текшерүүлөрүн жөнгө салуу ишин улантуу.

Себеби: Үстүбүздөгү жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын негизсиз текшерүүлөрдү жөнгө салуу боюнча КРнын Президентинин Жарлыгы чыгып, Жогорку Кенеш тарабынан атайын Мыйзам кабыл алынган. Анда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын эки гана орган - Эсеп палатасы жана Башкы Прокуратура - текшерүү укугуна ээ экендиги так жазылган. Эгер башка органдар дагы эле бара турган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейинки чара көрүүлөрү көрсөтүлгөн. Бирок, ушул убакка чейин эле айыл өкмөттөрдү мыйзамда көрсөтүлбөгөн органдар байма-бай текшерип жатышканы айтылып келет. Ошондуктан, Жарлыктын жана Мыйзамдын аткарылышын КРнын Өкмөтү жана Башкы Прокуратурасы тыкыр көзөмөлүнө алуусу абзел.

Оң таасирлери: Айыл өкмөттөрү жана мэриялар негизсиз текшерүүлөрдөн арылат. Өздөрүнүн милдети болуп эсептелинген иштер менен алектенүүгө убакыт болот.
Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Жогорудагы Жарлык менен Мыйзамды ишке киргизүүдө бир топ тоскоолдуктар жаралат. Себеби, бир топ тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн убакыт талап кылынат. Демек, бир топ убакыт талап кылынат.

Кадрдык маселелер:

5. Сунуш: «Айыл башчы»нын укук-милдеттерин жогорулатуу аркылуу анын ролун көтөрүү
Себеби: Бүгүнкү күндө айыл башчылар айыл өкмөтү тарабынан так аныкталбаган тапшырмаларды аткаруу менен иш жургузөт. Көпчүлүк айыл башчылардын олтуруп иштей тарган, элди кабыл ала турган орду да так аныкталган эмес. Жетектөөчү адис катары штаттык бирдикте турат. Аларды башкы адис катары штатка киргизип, муниципалдык менчиктеги имараттардан иш бөлмө бөлуп берип, атайын айылдын аталышы түшүрүлгөн мөөр менен камсыздап, жоопту катчы бере турган справкалардын бир тобун, айыл өкмөтүнүн айрым адистери жасай турган иштерди бөлуп берүү керек.

Оң таасирлери: Айыл башчысынын ролу жогоруласа, биринчи кезекте, жергиликтүү эл убара болбой керектүү документтерин Айыл башчыдан алып, Айыл өкмөтүнүн борборуна каттабай калышат. Башкы адис катары айлык акысы да жогорулап, мыкты адистерди тартылышына өбөлгө болот.

Терс таасирлери: Айыл башчысынын кызмат ордуна конкуренция жаралып, интригаларды пайда кылат.

6. Сунуш: Айыл өкмөттөрүндө «юрист» жана «инвестиция тартуу боюнча адис» штаттары атайын каралуусу

Себеби: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң көп козголгон иштер башка тармактагы адистерге салыштырмалуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагында көп болуп эсептелинет. Анализ көрсөткөндөй, козголгон иштердин көптүгү документтердин туура эмес, талапка жооп бербегенинен улам келип чыкканы байкалат. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештердин токтомдору, чечимдери жоопту катчынын билим денгээлине көз каранды болуп, көп учурда мыйзамсыз же талапка жооп бербеген чечимдердин чыгып калганын көрүүгө болот. Демек алардын сапатына таасир этээри шексиз. Көп айыл өкмөттөрүндө юрист кызматкери жок болгондугуна байланыштуу чыккан чечимдер, документтер юридикалык талаптарга жооп бере албайт. Ошондой эле инвестиция тартуу боюнча адистин жоктугунан айыл өкмөттөгү ар-кандай адистер инвестиция же гранттык билдирмелерди жазып жүргөнүн байкоого болот.

Оң таасирлери: Айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин чыккан чечимдери кайсы бир денгээлде юридикалык талаптарга жооп берет. Туура эмес, мыйзамсыз документтерди кабыл алуунун алдын алуу менен жоопкерчиликке тартылуудан сактана алышат.

Терс таасирлери: Биринчи кезекте айлык акы фондусуна кедергисин тийгизет. Ошол эле учурда айлык акынын аздыгы бул кызматтарга мыкты адистердин келиши күмөн санатат.

7. Сунуш: Жергиликтүү кеңештердин ишин жакшыртуу үчүн калкынын саны 10 миңден ашкан айыл аймактарында төрага менен жоопту катчы, ал эми калкынын саны 10 миңге жетпеген болсо, жоопту катчы атайын айлык белгиленген штаттарынын киршизилиши.

Себеби: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда элинин саны он миңди түзгөн шаарлар бар. Ал шаарларда шаардык кеңештин төрагасы, чакан аппараты менен айлык алып, иш жүргүзүшөт. Ошол эле учурда он миңден кырк миңге чейин элди камсыз кылган айыл аймактары көп. Бирок аларда айылдык кеңештердин төрагалары акысыз иштешет, аппараты да жок. Айылдык кеңештин уюштуруу иштери айыл өкмөтүнүн жоопту катчысына жүктөлгөн.

Оң таасирлери: Айрым шаарлардан үч-төрт эсе көп элди тейлөө менен бирге, ошончо көп маселе айылдык кеңештерде каралат. Демек, айылдык Кеңештердин ишин жеңилдетүү, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында айылдык Кеңештерде, Төрага жана жооптуу катчы штатын түзүү керек.

Терс таасирлери: Айлык акы фондусуна, демек жергиликтүү бюджетке таасир этет.
Финансы-экономикалык маселелер:

8. Сунуш: Кирешеден алынуучу салыкты 100% жергиликтүү бюджетте калтыруу, ошол эле учурда ушул салыкты кызматкердин иштеген жери боюнча эмес, каттоодо тургандыгы боюнча бөлүштүрүлүшү

Себеби: Бүгүнкү күндө кирешеден алынуучу салык жергиликтүү бюджеттерге 50% гана калып, ал адамдын иштеген мекемеси каякта жайгашса ошол аймака тушөт. 100% жергиликтүү бюджетке чегерилсе жана ал чегерүүлөр иштеген адамдын жашаган же катталган аймагына түшсө, логикалуу болот. Адам ишинде кызмат учурунда гана болбосо, калган турмуш-тиричилиги (акыр-чикир төгүү, суу пайдалануу, жол, жарыктандыруу ж.б. пайдалануу) үйү жайгашкан аймакта болот. Демек, салык да ошол жерге түшүүсү абзел.
Оң таасирлери: Жергиликтүү бюджеттин которулушу жана бир канча айыл аймактарынын дотациядан чыгуусуна өбөлгө болот.
Терс таасирлери жана күтүлүүчү кыйынчылыктар: Республикалык бюджетке түшүүлөрдүн көлөмү кыскарышы мумкун жана адамдын жашаган жери боюнча бөлүштүргөндө финансы жана казына тармагындагы мекемелердин иши системага түшкүчө түйшүк жаратышы ыктымал.

9. Сунуш: Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кеткен чыгымдар тиешелүү Мамлекеттик органдардын эсебинен каржылануусу
Себеби: Айыл өкмөттөр бүгүнкү күнгө чейин бир-канча мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарып келишет. Ага кеткен чыгымдар, жана адистердин камсыз болушу жергиликтүү бюджет аркылуу жүргүзүлүп келет. Бирок, мыйзамда ыйгарым укуктардын каржылануусу тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каржыланат деп жазылса дагы толук ишке ашпай келет. Бул мыйзамдын аткарылышын КРнын Өкмөтү камсыз кылышы керек.

Оң таасирлери: Ыйгарым укуктарга кетип жаткан чыгымдар жергиликтүү бюджетте калат. Демек, ал чыгымдарды жергиликтүү маанидеги иштерге жумшоого шарт түзүлөт.

Күтүлүүчү кыйынчылыктар: Бир катар укук-ченемдик актыларга өзгөртүү киргизүү талап кылынат.
Жогорудагы курстарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Ханнс Зайдель Фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен биргелешип өткөрүштү.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу