Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 15:22
 

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Тыныстанов көчөсү ачылды

 Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин Тыныстанов көчөсү ачылды

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Тыныстанов көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеге эки катмардуу асфальтбетон төшөлүп, жол белгилери коюлду. Тротуар жана ирригацияларды жакшыртуу боюнча иштер уланууда.

Иш 2016-жылы октябрь айында башталган, оңдоо иштери жүргүзүлгөн тилкенин узундугу 570 метрди, туурасы – 7,5 метрди түзөт.
Оңдоо транспорттук көйгөйлөрдү чечүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын борбордук магистралдык жолдорун унаа тыгынынан бошотуу максатында шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Тизмеге ылайык, жалпысынан 2016-жылы кварталдар аралык жана кичирайондордун ичиндеги 69 жол оңдолот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу