14.11.2016, 13:23

Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду КР Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. «Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин бул жогорку кызмат ордунуздагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн багытталган көп кылымдык салттык достукка, жылуу коңшулук жана өз ара урмат-сыйга негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирем. Өзгөчө белгилей кетсем, кыргыз-өзбек мамилелеринин жакшы жагына өзгөрүүсүнүн айкын мисалы катары жакында эле болуп өткөн Кыргызстандын делегациясынын Андижан шаарына жана Өзбекстан делегациясынын Ош шаарына келип кетишин айтууга болот. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аны менен бирге, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр процесси укуктук багытта жүргүзүлүшү абдан чоң мааниге ээ», - деп белгиленет Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

Ал Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук, бакубаттуулук, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, бир тууган кыргыз элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүүнү каалады.