Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
14/11 12:39
 

Бишкекте кант диабетине каршы күрөшүү боюнча окуулар өтөт

Бишкекте кант диабетине каршы күрөшүү боюнча окуулар өтөт

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Бүгүн КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык илимий-медициналык китепканасында Диабетке каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата эндокринологдопдун жана офтальмологдордун катышууусунда үй-бүлө медициналык борборлорунун врачтары, окулисттер, эндокринологдор үчүн окуулар өтөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей , иш-чаранын максаты – кант диабети боюнча билимди арттыруу. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы офтальмологу, Улуттук госпиталдын №2 көз микрохирургия бөлүмүнүн башчысы, м.и.д. Михаил Медведевдин айтымында, жыл сайын дүйнөдө кант диабетинин оорусунан улам 600 миң адамдын көзү көрбөй калууда.

“Меджардамга өз убагында кайрылышса, бул оорудан улам көз көрбөй калуунун 75% алдын алууга болот. КРдын Медициналык-социалдык экспертизасынын маалыматы боюнча көз көрбөй калуу майыптыгы структурасында диабеттин кесепети 3-4-орунда турат. Эндокринологдор, офтальмологдор, дегеле жарандар өздөрү ден соолукту чыңдоодо, ооруга каршы күрөштө биригип аракеттенүүлөрү керек“,-деп беллгиледи дарыгер.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу