Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 12:13
 

«Коопсуз шаар» долбоору “Акылдуу шаар” катары ишке ашырылат – Албек Ибраимов

 «Коопсуз шаар» долбоору “Акылдуу шаар” катары ишке ашырылат – Албек Ибраимов

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Шаар боюнча видеокамераларды жайылтат деп болжолдонуп жаткан “Коопсуз шаар” долбоору «Smart city» (Акылдуу шаар) катары ишке ашырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов КУУнун студенттери менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, “Акылдуу шаар” долбоору – шаардагы көйгөйлүү тилкелерди ийне-жибине чейин иликтөө жана шаардыктар үчүн жаңы технологияларды жайылтуу.

“Биз көчөлөргө байланыштуу абалды иликтеп чыгабыз. Балким жакынкы 10 жыл аралыгында жол түйүндөрү кереги жоктур. Азыр унаа тыгыны пайда болгон жерлердеги абалды изилдеп жатабыз. Бүгүнкү күндө “Акылдуу шаар” жол кыймылын өзү жөнгө салган акылдуу светофорлорду орнотууга мүмкүндүк берет”,-деди А.Ибраимов.

Мэр кичинекей көчөлөргө дагы видеокамераларды жайылтуу – шаарды өнүктүрүү үчүн зарыл чара экенин белгиледи.
“Акылдуу шаар” – бул биздин шаарыбыздын көзү. Элестетип көрүңүздөрчү, шаардын 85%ында же чакан көчөлөргө чейин ушундай көздөр бар экенин. Көз кимдир бирөөнү көзөмөлдөө эмес, көрүү үчүн керек. Бул шаарда болуп жаткан кырсыктарды, кайсыл жерде көйгөйлөр бар экенин көрүүгө шарт түзөт”,-деди Албек Ибраимов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу