Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 11:20
 

УКМКнын башчысы Президентке 3 депутаттын "Альфа телеком" менен байланыштуу коррупциялык иштери тууралуу айтып берди

УКМКнын башчысы Президентке 3 депутаттын "Альфа телеком" менен байланыштуу коррупциялык иштери тууралуу айтып берди

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

УКМК башчысы буга чейин депутаттар тарабынан айтылып жана ЖМКлар менен коомчулукта кеңири талкууланып жаткан айрым кызмат адамдары катышкан коррупция фактыларын текшерүүнүн жыйынтыктары тууралу Президентке маалымат берди.

Атап айтканда, А.Сегизбаев Белиз мамлекетинин (Борбор Америка) расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын Президентке кабарлады. Ал документтер 2012-жылы апрелде «Альфа Телеком» ЖАКтын ошол учурга карата акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн (акциялардын 50%тен ашыгы) сатуудан түшкөн АКШнын 50 млн доллардан ашык суммасын «Саутфилд» компаниясынын (божомолдор боюнча анын ээси Максим Бакиев болуп саналат) алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөйт.

УКМКнын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев алынган документтерди кароодо мыйзамдын бардык жол-жоболорун кынтыксыз сактоо зарылдыгын жана мындай фактылардын пайда болушуна алып келген жайгдаларды тереӊ изилдөөнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу