Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 11:14
 

2017-жылдын сентябрында башкалаада машруткалардын ордуна 600 автобус жана 100 троллейбус жүрө баштайт – Бишкек мэри

2017-жылдын сентябрында башкалаада машруткалардын ордуна 600 автобус жана 100 троллейбус жүрө баштайт – Бишкек мэри

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. 2017-жылдын сентябрында башкалаанын көчөлөрүндө машруткалардын ордуна 600 автобус жана 100 троллейбус жүрө баштайт. Бул тууралуу борбор шаардын мэри Албек Ибраимов КУУнун студенттери менен жолугушуу учурунда айтты.

“Азыр Бишкекте күнүгө рейска 150 автобус чыгат . Алар 2004-жылдан бери пайдаланылып, иштөө мөөнөттөрү бүтүп, эскирип калган. Бул автобустардын иштөө мөөнөттөрү 5-8 жыл. Бирок, биз оңдоп-түзөп пайдаланып жатабыз. 1-2 автобусту сатып алуу менен маселе чечилбейт. Бул маселени комплекстүү чечүү керек”,-деди шаар мэри.

“Мэрияда иштеп жаткан команда учурда бизнес план түзүп, 2017-жылы Бишкекке 600 автобус жана 100 троллейбус келээрин так аныктап чыгышты. Эмдиге жылдын сентябрына чейин маршруткаларга чыдай турушубуз керек”,-деп кошумчалады А. Ибраимов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу