Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 10:17
 

Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары чек ара маселесин талкуулашты

Ташкент, 14-ноябрь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. 8-13-ноябрда Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун жолугушуусу болду. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара линиясынын Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагында мурда макулдашылбаган 14 участка боюнча иликтөө жана инструменталдык топографиялык тартуу жүргүзүлдү.
Жумушчу топтор 7 участка боюнча бир пикирге келишти. Жыйынтыгында бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик чек аранынын 56 участкасы боюнча тараптардын көз карашы бири-бирине туура келет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлуп, калган макулдашылбаган тилкелер боюнча талаа иштерин жүргүзүүнүн план-графиги макулдашылды. Жолугушуу өз ара түшүнүү жана салттуу достук маанайда өттү деп айтылат билдирүүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1,378 миң км ны түзөт, анын ичинен 1,007 миң км макулдашылган, калган 371 км аралыгы же 50 участка талаштуу болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу