Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/11 09:52
 

Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргызстан Өкмөтү билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат

 Мухамметкалый Абулгазиев: Кыргызстан Өкмөтү билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Кыргызстан Өкмөтү билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, 12-ноябрда Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында билдирди, анын жүрүшүндө ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Кароол жана Гүзар айылдарындагы жаңы мектептердин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо блүмү билдирди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы В.И.Ленин атындагы жаңы орто мектептин ачылышында Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мектеп жамаатын, окуучуларды жана алардын ата-энелерин 270 окуучуга эсептелген жаңы мектептин ишке кириши менен куттуктады.

«Республиканын келечеги билим берүү тутумун жакшыртуу менен түздөн-түз байланыштуу. Жыл сайын өлкөдө жаңы заманбап мектептердин курулушу күч алууда. Окуу жайында сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн, мектеп бардык тийиштүү жабдыктар менен камсыздалган, бул балдардын мыкты шартта билим алуусуна мүмкүндүк түзөт», – деп кайрылды жергиликтүү тургундарга Мухамметкалый Абулгазиев.

Андан соң Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев аталган райондун Кароол айылындагы К.Рыспаев атындагы орто мектептин салтанаттуу ачылышына катышты, аталган мектеп 540 окуучуну кабыл ала алат.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Гүзар айылындагы А.Төлөнов атындагы мектептин ачылыш салтанатында жергиликтүү тургундар Өкмөткө билим берүү объектилердин курулушуна көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилесек, мектеп 275 окуучуга эсептелген.

Иш-чаралардын жыйынтыгында Мухамметкалый Абулгазиев Өзгөн районунун жашоочуларын дароо үч мектептин ачылышы менен куттуктады. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн күч-аракети өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептерди курууга, аларды окуу-куралдары жана мугалимдер менен толук камсыздоого багытталган.

Ал кошумчалагандай, келерки жылдын соңуна карата республика боюнча авариялык мектептердин бардыгы оңдолуп чыгат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу