Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
12/11 12:31
 

Бишкекте маалыматтарга жетүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү

Бишкек, 12-ноябрь /Кабар/. 11-ноябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашырууга арналган тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек столду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы К. Осмоналиев модератор катары алып барды.

Негизинен баяндамалардын темалары www.sot.kg интернет-ресурсуна арналган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары А. Базаралиева «Сот актыларын жайгаштырууга арналган www.sot.kg интернет-ресурсун түзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ролу» аталыштагы доклад жасады. Ушул теманы улай, Жогорку соттун судьясы К. Осмоналиев кабыл алынган мыйзамдын жана www.sot.kg интернет-ресурсуна сот актыларын жайгаштыруу жөнүндө нускаманын, мындан тышкары Сот департаментинин аппаратынын булактарды башкаруу башкармалыгынын башчысы А. Асаналиеванын жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы соттук реформа боюнча кеңешчиси Н. Дуйшеев менен биргеликте www.sot.kg интернет-ресурсунун инфраструктурасын кеңейтүү боюнча иш-чаралардын планынын бет ачарын өткөрүштү.

Башка темалар боюнча Бишкек шаардык сотунун төрайымы, Судьялар кеңешинин мүчөсү И.В. Воронцова «Судьялардын сот маалыматтарына жетүү мыйзамын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги», ИДЛОнун Кыргыз Республикасында сот реформасы боюнча кеңешчиси Д. Максимбекованын «Сот актыларынын анализи» атуу докладдары көрсөтүлдү. Адилет сот мекемесинин жергиликтүү соттор менен иш жүргүзгөн адиси А. Кудайбердиева Сот актылары жана алардын персоналдашпаган модулдары жайгашкан Интернет-ресурсун колдонуу боюнча бет ачар жасады.

Тегерек столдун катышуучулары өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышты жана нускама боюнча кызуу талкуу жүргүзүшүп, жумушчу топко көрсөтүлгөн сунуштарды эске алып, кайрадан инструкцияны иштеп чыгуусуна токтолушту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин мүчөлөрү, ИДЛО филиалынын жана Адилет сот мекемесинин өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, USAID жана ИДЛОнун Кыргыз Республикасындагы сот тутумун бекемдөө боюнча Программасы менен биргеликте уюштурулган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу