Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/11 18:41
 

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин жамаатына министр Улан Исраиловду тааныштырды

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин жамаатына министр Улан Исраиловду тааныштырды

Бишкек, 11-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын өздүк курамына министр Улан Исраиловду тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Улан Исраилов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Улан Исраиловдун ишмердүүлүгүнүн аркасында топтогон тийиштүү тажрыйбасы бар, ал министрликтин ишиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча көптөгөн иштерди аткарууга көмөк берет.

«ИИМдин башкы милдеттеринин бири калктын милицияга карата ишеним деңгээлин жогорулатууга багытталган ички иштер органдарын реформалоо болуп эсептелет», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрине мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо жана ички иштер органдарын реформалоо боюнча ишинде ийгиликтерди каалады.

Исраилов Улан Жумабекович

1973-жылдын 19-сентябрында туулган

СССР ИИМ Омск жогорку мектебин «укук таануу» адистиги боюнча аяктаган

Милициянын полковниги

2016-жылдын 11-ноябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри

2016-жылдын 3-мартынан тарта – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору

12.2014-ж. – 03.2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 7 башкармалыгы

07.2013-ж. – 12.2014-ж. – Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБи, начальник

02.2011-ж. – 07.2013-ж. – Кыргыз Республикасынын МУКК 9-кызматы, кызматкер

10.2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн запасына бошотулган

09.2008-ж. – 10.2008-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы (МАККББ) кызмат бөлүмү, инспектор

08.2008г. – 09.2008г. – Кыргыз Республикасынын ИИМ МАККББ физикалык жана юридикалык жактарды коргоо жана милиция полкунун материалдык баалуулуктарын коштоп жүрүү боюнча атайы рота, командирдин орун басары

06.2005г. – 08.2008г. – Кыргыз Республикасынын ИИМ ДГССО милиция полкунун атайы ротасы, күзөт инспектору

01.2005-ж. – 06.2005-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызмат департаментинин милиция полкунун батальону, күзөт инспектору

12.2004-ж. – 01.2005-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызмат департаментинин милиция полку, взвод командири

09.1999-ж. – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн запасына бошотулду 61 п. «г» беренеси боюнча (штаттын кыскарышы)

02.1999-ж. – 09.1999-ж. – Бишкек шаардык ИИБ карамагында

09.1995-ж. – 02.1999-ж. – Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ кылмыш-иликтөө бөлүмү, оперуполномоченный

07.1995-ж. – 09.1995-ж. – Кыргыз Республикасынын ИИМ карамагында

09.1991г.-07.1995г. – СССР ИИМ Омск жогорку мектебинин «укук таануу» адистиги боюнча угуучусу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу