Коом

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
11/11 18:35
 

Айыл чарба министрлигинин жамаатына министр Нурбек Мурашев тааныштырылды

Айыл чарба министрлигинин жамаатына министр Нурбек Мурашев тааныштырылды

Бишкек, 11-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-ноябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Нурбек Мурашевди тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Нурбек Мурашев Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, жаңы дайындалган министрдин алдында көптөгөн милдеттер турат, анын ичинде – министрликтин натыйжалуу ишин камсыздоо, аймактарда кайра иштетүү ишканаларын куруу, кооперативдик кыймылды өнүктүрүү жана башка багыттарды аныктоо боюнча ишти улантуу зарыл.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев министр Нурбек Мурашевге ийгиликтерди жана натыйжалуу ишти каалады.

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

1975-жылдын 3-ноябрында туулган

Ош технологиялык университетин «коммерция» адистиги боюнча, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын «менеджмент» адистиги боюнча аяктаган

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

2016-жылдын 11-ноябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри

2010-ж.-2015-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутат

2010-ж.-2010-ж. – Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – акимдин милдетин аткаруучу

2008-ж.-2010-ж. – «Лиматекс» пахта корпорациясы ЖЧК, бөлүм начальниги

2000-ж.-2008-ж. – Жалал-Абад облусу «Мурашым» айыл чарба кооперативи, жетекчи

1999-ж.-2000-ж. – «Ош Эсен» ЖЧК, аудитор

1998-ж.-1999-ж. – Жалал-Абад облусунун «Агро Эсен» аудитордук фирмасы, алдыңкы адис

1997-ж.-1998-ж. – Кочкората шаардык рыногу, камсыздоочу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу