Коом

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
11/11 18:32
 

КР парламентинин вице-спикери: “Кыргызстандын эли өзгөрүүлөрдө даяр”

Бишкек, 11-ноябрь /Кабар/. “Демократия жана жарандык коом коалициясы” коомдук бирикмесинин сурамжылоосунун жыйынтыгы кыргыз элинин өзгөрүүлөрдө даяр экенин айгинелейт”,-деп билдирди “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин вице-төрагасы Нурбек Алимбеков.

Эскерте кетсек, “Демократия жана жарандык коом коалициясы” алдыдагы Конститцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө референдум өткөрүү боюнча Кыргызстан элинин арасында телефондук социалдык сурамжылоо жүргүзгөн. Сурамжылоо шаар жана айыл калкынын 18 жана андан жогорку жаштагы, 9 аймакта туруктуу жашаган адамдардын арасында өткөрүлгөн: Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында.

Сиз референдумга катышасызбы деген суроого сурамжылоого катышкандардын 60%ы катыша тургандыгын, ошондой эле бүткүл элдик добуш берүүгө катыша тургандардын ушундай эле саны Башмыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдой турганын айтышкан.

Н.Алибеков белгилегендей, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө эч кандай жаман нерсе жок. “Бийликти теңдештирүү жүрүп жатат, премьер-министр акимдерди дайындайт. Өткөн жылы ушул маселе көтөрүлгөн, мен дагы колдогом. Мен бул туура кадам жана Кыргызстандын эли өзгөрүүлөргө даяр деп ойлойм. Телевизордон коом түзүлдү, туура көз караштагы адамдар пайда болду деп айтып жатат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу