Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
04/11 10:01
 

Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

Бишкек, 4-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактары боюнча жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 4-ноябрда ал бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү – 2» долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна сапарынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу