Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/11 18:09
 

Кыргызстандын Акыйкатчысы суицидге каршы күндү белгилөөнү сунуштоодо

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев суицидге каршы күндү белгилөөнү сунуштоодо. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-сентябрь – дүйнө жүзүндө өз жанын кыйуучулукту алдын алуу боюнча иштерге көмөктөшүүү максатында 2003-жылдан баштап планетанын бардык жеринде жыл сайын эл аралык дата катары белгиленип келет.

Мына ушуну эске алып, суициддин көбөйүп кеткендигине байланыштуу КРда ар бир жылдын 10-сентябрын суицидге каршы күн катары белгилөө керектигин Акыйкатчы К.Оторбаев сунуштоодо.

Анын айтымында, бул күнү суицид маселеси коомчулуктун көңүл борборунда болушу керек. “Бул күнү адам өмүрүн сактоо жаатында акцияларды, иш-чараларды өткөрүү зарыл. Бул көйгөйлүү маселеге жооп берген маморгандардын, ЖМКлардын, министрликтердин, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, ошондой эле, ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу керек”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу