Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
03/11 12:02
 

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана референдумда эки урна жана шайлоочуларда эки тизме болот

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда эки урна жана шайлоочуларда эки тизме болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын мүчөсү Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, тизменин айырмасы – референдумда форма-2 менен добуш берүүгө болот.
“Форма-2 деген – бул шайлоочу катталбаган участкада деле добуш бере алат дегенди билдирет. Болгону 10 күн мурда арыз жазып, участкалык шайлоо комиссиясына бериши керек. Ал эми жергиликтүү шайлоолорго катталган жери менен гана катыша алат. Анын үстүнө жергиликтүү депутаттарды айрым айылдарда шайлап коюшту. Ал эми бүткүл элдик добуш берүү өлкөнүн бардык жеринде өтүшү керек”-деди Назарали Арипов.

Мындан тышкары Н.Арипов чет жерде Кыргызстандын 30 дипөкүлчүлүгү бар экендигин белгиледи.
“Учурда ал жактарда референдумда добуш берүү үчүн участкаларды кантип ачууну кеңешип жатабыз. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго алар катышпайт”-деп кошумчалады БШК мүчөсү.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 11-декабрга белгиленген. Кечээ, 2-ноябрда парламент Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду 11-декабрга белгилөөнү колдогон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу