Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/11 10:49
 

Кызыл крест абактагы эненин балдары менен жолугуусуна жардам берди

 Кызыл крест абактагы эненин балдары менен жолугуусуна жардам берди

Бишкек, 3-ноябрь /Кабар/. Кызыл крест эл аралык комитетинин кызматкерлери Степное айылындагы №2 абактагы эне Б.Т.га балдары менен жолугуусуна колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, абактагы Б.Т.нын 5 баласы бар, анын ичинен үчөөсү Токмоктогу интернатта, эң кичүүсү Бөбөктөр үйүндө, ал эми эң улуусу 11-класста окуйт.

Б.Т.нын өзүнүн айтымында, тууган-уругу жок, ошондуктан анын балдарын жолугушууга эч ким алып келе албайт. Кызыл крест комитетинин кызматкерлери көрүшүүгө уруксат алып, аялдын беш жаштагы кызы (апасы анын жашында эле камалып кеткендиктен жакшы тааныбайт) менен тогуз жаштагы баласын интернаттын кызматкерлеринин коштоосунда колонияга алып барышкан жана жолугушуу күндөрүнө тамак-аш алып беришкен.

Кызыл крест комитетинин көңүл буруусунун аркасында абактагы эне бир жарым жылдан бери көрө элек балдарын биринчи жолу бооруна кысты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу