Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
02/11 13:40
 

Президент маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Быйылкы Тарых жана маданият жылы жергебизде ата-бабалар мурасынын жанданып жана дүркүрөп өсүш процессине баарыбыз күбө болуп жатабыз. 1916-жылдагы окуялардын жана Үркүндүн 100 жылдыгы, даанышман бабабыз Баласагындын 1000 жылдыгы, ата-бабалар жерин сактап келген Тайлак Баатырдын 220 жылдык маарекеси жана албетте, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң көрүнүктүү окуялар катары калат.

Искусство менен адабиятта, кино менен элдик кол өнөрчүлүктө жаңы ысымдар жаралууда. Өткөн кылымда Кыргызстанды ааламга тааныткан “кыргыз кереметине” жаңы өмүр киргизип жаткан жаштарыбыздын алды дүйнөлүк кино өнөрүнүн туу чокусуна ат салыша баштады.Мындан тышкары, Атай Өмүрзаковдун бийчилер тобу, квнчылардын “Азия-микс“ командасы, “Тумар” бийчилер тобу, “Маш ботойду” дүйнөгө дүӊгүрөткөн 1000 комузчу Кыргызстанды сыртка таанытып, өлкөбүздүн жаңы образын түзүп жатышат. Сиздерге жалпы элибиздин атынан алкыш!

Бул ийгиликтер жөн жерден келген жок. Алар элибиз көп жылдар бою эңсеп жана күрөшүп отуруп жеткен Эркиндиктин үзүрү. Чынында эле Эркиндик элибиздин чыгармачылык жигерин ойготуп, талантын ташкындатты. Ал эми руханий дүйнөсү бай эл дайыма өнүгүү үстүндө болот.

Узак тарыхта жергебиз цивилизация ордолорунун бири болуп, кайталангыс маданий кенчтер жаралган. ЮНЕСКОнун адамзат мурастарынын тизмесине кирген «Манас» үчилтиги, Невакет, Суяб жана Баласагын шаарлары буга айкын далил. Мындан тышкары, Өзгөн мунарасы, Таш-Рабат, Саймалуу-Таш сыяктуу чети оюла элек тарыхый, маданий мурастар аз эмес.
Өткөөл мезгилде кыргызстандыктарга ар башка маданияттар, салттар, диндер таӊууланып келди. Бирок, элибиздин түптүү маданияты жана салттары жоголуп кеткен жок. Көчмөндөрдүн кайталангыс салттары менен оюн-зоокторунун, эрендердин спорттук мелдештеринин Ала-Тоо жергесинде кайрадан жанданышы буга ачык мисал. Кыргызстандын брендине айлана баштаган көчмөндөр оюндарына азыр бүт дүйнөдө кызыгуу пайда болду.

Бир сөз менен айтканда, глобалдашуу процессинде кыргыз эли кайталангыс маданияты, салттары, элибиздин эркин мүнөзүнө төп келген жарашыктуу кийим-кечеги менен айырмаланып, атаандаштыкка жөндөмдүү экенин далилдеди. Бул - биздин өнүгүүбүздүн булагы.

Бул асыл иштердин башында сиздер, маданият кызматкерлери турасыздар. Далай оор сыноолорду жеӊип отуруп, ата-бабалар мурасын сактап, кийинки муунга жеткирип жатканыӊыздардын өзү алкоого арзыйт. Ошону менен катар элибиз маданият ишмерлеринен дагы тайманбас чечимдерди, саамалыктарды күтүүгө акылуу. Бизге келген ооматты колдон чыгарбай, улантып жана байытуу көбүнчө сиздердин ишиӊиздерге жараша болот.

Кымбаттуу маданият кызматкерлери!
Майрымыӊыздар кут болсун!
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Өлкөбүз менен теӊ өркүндөй берели!”.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу