Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/11 11:48
 

Бомба тууралуу жалган билдирүүнүн кесепетинен келтирилген “Манас” аэропортундагы чыгымдар эсептеле элек

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. “Манас” аэропорту бомба тууралуу жалган билдирүүнүн кесепетинен келтирилген чыгымдарды эсептей элек. Аэропорттун басма сөз кызматы “Кабар” агенттигине билдиргендей, бүгүнкү күндө авиакомпаниялар залалдарды эсептеп жатышат.

“Ошол күнгө белгиленген каттамдардын бары аткарылды. Бирок, бомба тууралуу жалган билдирүүнүн кесепетинен каттамдар убактысынан кечигишти. Эң узак күтүү 4 саат 15 мүнөткө созулду”,-деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошондой эле, “Манаста” көптөн бери авиациялык коопсуздуктун күчөтүлгөн режими иштеп жатканы айтылды.

Эскерте кетсек, 31-октябрда саат 16:15 те Бишкек шаардык “112” кезекчи кызматына “Манас” эл аралык аэропортундагы учактардын бирине жардыруучу зат коюлганы тууралуу анонимдик чалуу түшкөн.

Ошол замат УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери жөнөп кетишкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө учактан жана аэропорттун айлана тегерегинен эч кандай жардыруучу зат табылган эмес.

Ушул эле күнү УКМКнын ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Еремеев Илья кармалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу