Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/11 11:09
 

Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек аранын 49 участкасы боюнча позицияларын макулдашышты

Ташкент, 2-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 22-31-октябрында Баткен жана Ош шаарларында белгиленген графикке ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитициялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуулары болду. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда жеринде биргелешкен иликтөө жүргүзүлүп, мамлекеттик чек аранын 49 участкасы боюнча позициялар макулдашылды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюшту.

Жолугушуу Өзбекстан менен Кыргызстандын башчыларынын 26-октябрдагы телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде өттү, анда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иштерди ийгиликтүү аяктоого эки тарап тең кызыкдар экендиги белгиленген жана бул иштерди эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары жүргүзөөрү айтылган деп маалымдалган билдирүүдө.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу