Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/11 10:42
 

Россия ӨКМнын Граждандык коргонуу академиясында Кыргызстандан барып окуп жатышкан курсанттар спорттук мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

Россия ӨКМнын Граждандык коргонуу академиясында Кыргызстандан барып окуп жатышкан курсанттар спорттук мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Россия ӨКМнын Граждандык коргонуу академиясында Кыргызстандан барып окуп жатышкан курсанттар 29-30-октябрда Россиянын Люберцы шаарында өткөн спорттук мелдеште байгелүү орундарды ээлешти.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, спорттук иш-чарада мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын арасында Москва облусунун профсоюздарынын 23-спартакиадасынын алкагында бокс боюнча таймаш болуп өткөн.

Аталган мелдешке Россия ӨКМнын Граждандык коргонуу академиясынын 2-курсунун курсанттары Жакшылык Талайбеков менен Кубанычбек Эсенгулов катышкан.

Талайбеков Жакшылык 69 кг салмактык категорияда 1-орунду, Эсенгулов Кубанычбек 75 салмактык категорияда 2-орунду ээлешкен.
Экөө тең Россия ӨКМнын Граждандык коргонуу академиясынын 2 курсунда окушат. Алар 2015-жылы Кыргызстан ӨКМ тарабынан аталган академияга окууга жиберилген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу