Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
02/11 10:26
 

“Гавайидеги” көлгө чөгүп бараткандарды куткарган бажы кызматкери сыйланды

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. КР ӨКМнын буйругуна ылайык, 2016-жылдын 1-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын Архив бөлүмүн камсыздоо борборунун улук инспектору Роман Торопов адам өмүрүн сактап калууда каармандык көрсөткөндүгү үчүн “Чөгүп бараткандарды сактап калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланды.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлоо салтанатына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кеңешчиси Канат Жамакеев менен ӨКМнын Оперативдик башкармалыгынын башчысы Урматбек Шамырканов катышты.
“КР ӨКМнын жамаатынын атынан Торопов Роман Владимировичке каармандыгы жана адамкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Сиз адам өмүрүн сактап калдыңыз”,-деди У.Шамырканов.

Белгилей кетсек, 2016-жылдын 27-августунда кечинде “Гавайи” кафесинин жасалма көлүнө жүргүнчүлөрү менен кошо автмобиль кулап түшкөн. Роман Торопов менен Бишкектин тургуну Маматжан Алиев машинадагы жүргүнчүлөрдү куткаруу үчүн активдүү аракет кылышып, адам өмүрүн сактап калышкан.

Р.Тороповдун айтымында, машинада жаш жигит менен 7-8 жашар бала болгон. Ал алгач жигитти алып чыгып, андан соң баланы көтөрүп чыгып, жасалма жол менен дем алдырып, өмүрүн сактап калган.

ӨКМдан экинчи куткаруучу да медаль менен сыйланарын, учурда ал изделип жаткандыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу