Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/11 09:48
 

ӨКМ: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Аномалдуу жылуу аба ырайынан кийин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 2016-жылдын 4-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, кээ бир аймактарда карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

2016-жылдын 4-5-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөшү мүмкүн, 4-ноябрда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 1…6° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. 5-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3… -8° суук, күндүз 3…8° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -0…-5° суук, күндүз 5…10° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу