Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/11 09:05
 

Жогорку сотко караштуу Сот департаменти ротация кылды

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусттук башкармалыктарынын башчыларынын ордун которуштуруп, ротация кылды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы А.Таштемиров Ысык-Көл облусуна которулуп, анын ордуна Чүй облусттук башкармалыктын башчысы К.Капалов дайындалды. Ал эми Чүй облусттук башкармалыктын башчысынын ордуна Сот департаментинин Ош облустук башкармалыктын башчысы А.Сулайманов которулду. Ысык-Көл облустук башкармалыктын башчысы З.Турсуниязов Ош облустук башкармалыктын башчысы болуп дайындалды.

Мындай буйрукка Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.Ибраимов кол койду. Ротация Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдө иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлдү. Ротация болгон жетекчилер 2016-жылдын 2-ноябрында жеринде тааныштырылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Сот департаментинин Талас жана Нарын облустарындагы башкармалыктарынын башчылары ротация болгон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу