Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/11 18:31
 

Сот департаментинин түзүлгөн күнүнө карата жыл сайын өтүүчү мини-футбол боюнча мелдеш өттү

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 29-октябрында Сот департаментинин Бишкек шаарынын жана Чүй облустук Соттук аткаруучулар кызматтык бөлүмдөрү менен Бишкек шаардык жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлеринин арасында Сот департаментинин уюшулгандыгынын 22 жылдыгына карата мини-футболдук мелдеш болуп өттү. Мелдешке 8 команда катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орун үчүн Сот депратментинин жана Бишкек шаардык сотунун командалары беттешип, негизги убакыт боюнча бирдей эсеп болгондуктан, жеңүүчүсү пенальти менен аныкталып, Сот департаментинин командасы биринчи орунга ээ болду. Ал эми 3-4-орундар үчүн Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча Соттук аткаруучу бөлүмү жана Бишкек райондор аралык соту беттешишти. Оюндун жыйынтыгында Бишкек райондор аралык сотунун кломандасы утуп, 3-орунду багындырышты. Жеңүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сыйлыктары жана баалуу белектер тапшырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу