Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
01/11 15:20
 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм!
Cиздерге ак ниет эмгегиңиздер, опурталдуу, тобокелдүү учурларга байланышкан кызматтык милдетти аткаруудагы көрсөтүп жаткан каармандыгыңыздар үчүн ыраазылык билдиребиз.

Сиздер мындан ары да өз милдетиңерди ак ниет аткаруу менен, кыргыз милициясынын ардагерлеринин даңазалуу жолун улантасыздар деп ишенем. Милициянын ардагерлери тандап алган кесипти урматтап, коомдук тартипти сактоонун бийик үлгүсүн көрсөтүштү.

Урматтуу ички иштер органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери! Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана мекенибиз Кыргызстандын бакыбаттыгы үчүн аткарып жаткан ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу