Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/11 12:17
 

Дарыгер Х.Зайналиев онколиялык бейтаптарды чөптөрдөн жасалган 20 дан ашык түрдүү препараттар менен дарылайт

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Дарыгер Хашим Зайналиев рак менен ооруган өзүнүн бейтаптарын ал өзү иштеп чыккан 20 дан ашык түрдүү препараттар менен дарылайт. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Дарыгер дарыларды чөптөрдөн жана жашылча-жемиштерден жасай турганын түшүндүрдү.

“Бул препараттардын барын мыйзамдаштыруу үчүн дары өсүмдүктөрдүн каттоосунан өтүү керек, андан тышкары алар клиникалык сыноого муктаж. Менин буга мүмкүнчүлүгүм жок. Чөптөрдү биз тоолордон чогултуп келебиз”,-деди ал.
Лицензиясы жок дарыгер саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин оорулууларга оорутпай турган күчтүү дарыларды берип жатышы мүмкүн деген божомолун жокко чыгарды.

“Биз бейтаптарга эч кандай банги зат препараттарын бербейбиз. Милиция бизге текшерүү жүргүздү, дарылардын үлгүлөрүн алып кетти, эми экспертиза көрсөтөт”,-деди Х.Зайналиев.

Мындан тышкары, ал бейтаптардын эсеби жок экенин, ошондуктан аларда канча адам өлгөнүн жана канчасы сакайганын айта албай турганын кошумчалады. “Биздин клиникада диплому бар 5 медайым иштейт. Бизде айлык акы ар кандай”,-деди ал.
Өз кезегинде дарыгердин бейтаптары ал каражатты төлөй ала тургандарына гана бере турганын билдиришти.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу