Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
01/11 11:12
 

Бишкек шаарынын жашоочусу аялын командировкага кетирбөө максатында аэропорттогу бомба тууралуу жалган маалымат берген

Бишкек шаарынын жашоочусу аялын командировкага кетирбөө максатында аэропорттогу бомба тууралуу жалган маалымат берген

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «телефондук» террорист кармалганын билдирди. Ал “Манас” аэропортунда бомба бар экени тууралуу билдирген.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиргендей, кармалган жаран мас абалында “Бишкек-Москва” каттамы менен аялын командировка кетирбөө үчүн телефон аркылуу жалган билдирүү жасаганы белгилүү болду.
КР УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Жаза кодексинин 228-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 31-октябрда саат 16:15 те Бишкек шаардык “112” кезекчи кызматына “Манас” эл аралык аэропортундагы учактардын бирине жардыруучу каражат коюлганы тууралуу анонимдик чалуу түшкөн.

Ошол замат УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери жөнөп кетишкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө учактан жана аэропорттун айлана тегерегинен эч кандай жардыруучу каражат табылган эмес.

Ушул эле күнү УКМКнын ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Еремеев Илья кармалган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу