Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/11 09:22
 

Сооронбай Жээнбеков энергия менен камсыз кылуудагы көйгөйлөргө убагында көңүл бурууну тапшырды

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. «Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кечээ, 31-октябрда калкты жана экономикалык тармактардын 2016-2017-жылдагы жылуулук сезонуна даярдыгы боюнча республикалык штабдын жыйынында, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерине. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Авариялык абалдарда силерге телефон чалып, байланыша албай жаткан арыздануулар катталды. Калкты тейлөөнүн сапаты – бул силердин ишиңерди баалоонун башкы көрсөткүчү. Дагы бир белгилей турган нерсе, жалпыга маалымдоо каражаттарында дайыма жогорудагы көйгөйлөр айтылып келатат. Силер баарыңар факты болгондон кийин маани берип жатасыңар, көп маселелерди алдын ала чечсе болот», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу бардык энергокомпаниялардын жетекчилерине жергиликтүү мамлекеттик админитсрация менен бирге калкты тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алып, көп тармактуу байланыш менен камсыз кылып, маселе менен кайрылгандарга жакшы жооп берүүнү тапшырды.

«Сууктун башталышы менен орточо суткалык электр энергиясын колдонгон керектөөчүлөрдүне саны өстү. Мындан улам авариялык абалдардын жана калктын арыздануу тобокелдери да көбөйөт», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу