Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 16:40
 

Бишкекте ШКУ саммити учурунда коомдук тартипти 3 миңден ашык миллиционер камсыздайт

Бишкекте ШКУ саммити учурунда коомдук тартипти 3 миңден ашык миллиционер камсыздайт

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Бишкекте 3-ноябрда өтө турган ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны учурунда коомдук тартипти 3 миңден ашык миллиционер камсыздайт. Бул тууралуу бүгүн ”Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаардык патрулдук милициясынын башчысы Эркин Баев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте ШКУ саммити өткөндүгүнө байланыштуу ИИБнын өздүк курамы 31-октябрдан 3-ноябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

“Милиция колонналардын маршруттарын, иш-чара өтчү жерлерди, делегациялардын убактылуу жашоосун коргоого алат. Ошондой эле, ИИБларда учетто турушкан жарандарга көзөмөл күчөтүлөт. Стационардык которулуп туруучу пункттарда Патрулдук милиция кирип-чыккан автотранспортторго көзөмөл жүргүзөт”,-деди ал.

Ошондой эле, Бишкек шаардык патрулдук милициясынын башчысы иш-чара учурунда автожолдордогу төмөнкү участкалар жабыларын билдирди: “Манас” аэропортунун жолу башкалаага чейин; Фучик көч. Жибек-Жолу пр. шаардын чегине чейин, Жибек-Жолу пр. Ю.Фучик көч, Манас пр. чейин; Манас пр. Ч, Айтматов пр. ( Тынчтык пр.) чейин; Ч.Айтматов пр. Мамлекеттик резиденцияга чейин; Чүй пр. Манас пр,Абдыракманоа көч. чейин; Абдырахманов көч. Чүй пр. Т. Абдымомунов көч. чейин; А.Масалиев көч. (Түштүк магистраль) Ч.Айтматов пр. Сухэ Батор көч. чейин.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу