31.10.2016, 15:12

Президент Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Президент Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.
Өз сөзүндө ал 2011-жылы ИИМ башчысы болуп турган Зарылбек Рысалиевге бул комплекс көтөрүлө турганын айтканы эсинде экенин белгиледи.

“Үй куруу үчүн жер тилкесин издөөнү тапшырганда Зарылбек Рысалиев дагы, көпчүлүк күч кызматкерлери дагы ишенген эмес. Кайдагы үй, Кыргызстан өзү араң турат дешкен. Бирок, жыйынтыгында үй курууга боло турган жер табылды. Ошол учурда өлкөнү “каралар” башкарып турган. Укук коргоо органдарынын жетекчилери сатылып, УКМКнын башчысы жана милициялар Медет Садыркуловду өлтүрүүгө катышкан. Бул 7 жыл мурда болгон окуя”,-деди Президент.

Өлкө башчысы милициянын жөнөкөй кызматкерлерине ыраазы экенин, анткени чоңдору сатылып кеткенде, орто жана кичи курам ишенимдүү бойдон калышканын белгиледи.

“Айрымдар милиция менен элдерди кагылыштырган. 2010-жылы Түлеев чыкканда Ак үйдө эч ким калган эмес, Урмат чыкканда баары качып кеткен, Атамбаев менен милиция гана калган. Эгерде мен Бишкектегидей Ошто болгондо, анда биздин жаштарыбыз каза болгон, милиция кызматкерлери ур-токмокко алынган трагедия балким болмок эместир. Ошол учурда кээ бирөөлөр чөнтөктөрүн толтурушкан. Аида Салянова Башкы прокурор болгондо, 6-апрелден 7-апрелге караган түнү убактылуу өкмөттүн сурагынын протоколдорун алган. Мен ушул жумада аларды барактап чыктым. Бири айтат: “Мени ата-энем жана балдарым багып жатат”, башкасы “Мени аялым багат, ал бир кеңсени ижарага берет” дейт. Эмне үчүн алар 7-апрелге чейин жакыр болушуп эле, андан кийин мультимиллионер болуп чыга келишти? Алардын ар бири менен эсептешебиз, тарых таразалайт. Эгер Атамбаев жетишпей калса, азыр элибиз мурдагыдай эмес. Мындан кийин бийлик өзүнүн эли үчүн иштеши керек”,-деп кошумчалады А.Атамбаев. 

Ошондой эле, ал бул үйлөрдүн жанына милиция кызматкерлери үчүн дагы 3 үй курулат деп белгиледи.
“Мурда Көк-Жарда батирлер 1 бөлмөлүү болсо, азыркыларда 2,3 бөлмөлүү батирлер бар экенине кубанычтамын. Келечекте ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болот деп үмүттөнөбүз”,-деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, ИИМ кызматкерлери үчүн 3 үй Бишкектеги Жаш-Гвардия жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде курулду.
Президенттин аппаратынан билдиргендей, милиция кызматкерлери үчүн үйлөрдүн курулушу 2016-жылы январда башталган. Үйлөрдү курууга 437,9 млн сом бөлүнгөн. Объектилерди колдонууга берүү 2016-жылы 31-октябрга белгиленген.

Биринчи үйдө 72 батир, экинчи үй – 81, үчүнчү үй – 54 батирге ылайыкташкан. Жалпысынан үч үйдө 207 батир бар: алардын ичинен 27си – 1 бөлмөлүү, 108и – 2 бөлмөлүү, 72си – 3 бөлмөлүү.
Ошондой эле, Президент балдар аянтын куруу үчүн ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды.