Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 14:23
 

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылга пландалган мектептердин курулушун сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды

 Сооронбай Жээнбеков 2016-жылга пландалган мектептердин курулушун сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда, 2016-жылга пландаштырылган мектептердин курулушу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетовдун малымдагандай, 2016-жылга жаңы 80 орто билим берүү мекемесинин курулушу пландаштырылган Бүгүнкү күндө 31 мектеп курулуп бүтүп, калган обьектилердин курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Ал белгилегендей, бардык мектептердин курулушуна 400млн сом которулушу күтүлүүдө.
Кеңешменин жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков Финансы министрлигине бардык иштерди жыйынтыктоо үчүн зарыл болгон каражатты которууну тездетүү тапшырмасын берди.

Анын менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кабыл алууга даяр болгон билим берүү обьектилериндеги иштин сапаттуу аткарылышына өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков 2016-жылга пландаштырылган курулуштардын баары аягына чыгаруу, анын менен бирге курулушу жыйынтыкталган мектептерди кабыл алууга тапшыруу керектигин баса белгиледи.

Кеңешмеге финансы министринин милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Турдубек Мамбетов, Анын менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Канатбек Муратбеков катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу