Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 13:17
 

Бишкекте “Жаш Баатыр – 2016” патриоттук фестивалы өттү

 Бишкекте “Жаш Баатыр – 2016” патриоттук фестивалы өттү

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. Өткөн дем алышта Карагача токоюнда “Жаш Баатыр – 2016” патриоттук фестивалы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Фестиваль “Альфа Жаштык”, “Баатыр”, “Эдельвейс” аскер-патриоттук клубдары, “Альфа” жаштар биримдиги, андан тышкары КРнын десанттар биримдиги, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлер уюму, борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен “Афганистан” ардагерлер биримдигинин катарында уюштурулду.

Иш-чарага мэр Албек Ибраимов катышып, жаштар жана өсүп келе жаткан муундар үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүп туруунун зарылдыгын белгилеп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын максаты – патриоттуулукту ойготуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбияга жана спортко тартуу, Кыргызстандын элдеринин улуттар аралык достугун бекемдөө, экстремизм жана радикализм идеяларына каршы туруу.
Фестивалдын алкагында спорттун аскердик-прикладдык түрү, жеңил атлетика, гир спорту, таяк-тартыш, фехтования жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду.

Журналисттер жана спецназ ардагерлер командаларынын ортосунда пейтбол боюнча турнир өттү.
Иш-чарага жалпысынан 500дөн ашык адам катышты.

1 из 11

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу