Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 11:23
 

Ош шаарында лицейдин бүтүрүүчүсү окуучулар үчүн жатакана курду

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. 28-октябрда Ош шаарында “Сема” лицейинин жатаканасынын расмий ачылышы болду, аны ушул лицейдин бүтүрүүчүсү Алмаз Шарабидинов өз каражатына курган.

“Себат” лицейинен билдиргендей, бул 4 кабат жатакана 60 бөлмөдөн турат, ага 420 окуучу батат. 30 душ кабинасы, 2 ашканасы жана 1 чоң эс алуу бөлмөсү бар.

24-октябрдан тартып жатаканага жылуулук берилген. Жатакана 2016-жылдын 1-сентябрында ишке киргизилген.

“Бул окуучуларга жакшы белек болуп калды. Лицейдин тарбиялануучуларынын окууга болгон умтулуулары дагы да күчөйт деп ишенем”,-деп айткан ЖК депутаты Жанар Акаев, лицейдеги окуу деңгээли республикадагы эң жогоркулардан экенин белгиледи.

Жатакананын салтанаттуу ачылышына ЖК депутаттары Жанар Акаев, Евгения Строкова, Эльвира Сурабалдиева жана Ош шаарынын вице-мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышты.

Алмаз Шарабидинов Оштогу “Сема” лицейин 1997-жылы бүтүргөн. Ал бул окуу жайынын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошууга умтулгандардын алдыңкы катарында турат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу