Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
31/10 10:46
 

КММАнын жети мугалими ЖОЖдун “ардактуу профессор” наамын алды

 КММАнын жети мугалими ЖОЖдун “ардактуу профессор” наамын алды

Бишкек, 31-октябрь /Кабар/. И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ЖОЖдо арбын жылдардан бери сабак берген жети мугалими, атап айтканда, Абдыкадыр Асамбаев, Асан Жайлообаев, Марта Дикамбаева, Жакыпбек Дооронбеков, Любовь Зубехина, Накен Саалиев, Владислав Те “ардактуу профессор” деген наам алышты. Бул тууралуу КММАнын басма сөз катчысы Пазылов Абибилла билдирди.

Окумуштуулар кеңешинин жыйынында аталган тажрыйбалуу окутуучуларга “ардактуу профессордун” күбөлүгүн тапшырып жатып, Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова ректораттын жана билим-тарбия алган окуучуларынын атынан аларга чың соолук жана узак өмүр каалады.

Ал эми ардагерлер мындан ары да КММАнын окуу-тарбиялык, коомдук иштерине кол кабыш кылып турмакчы болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу