Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/10 14:06
 

Экономика министрлигинде Мамлекеттик тилге арналган иш-чара болду

Экономика министрлигинде Мамлекеттик тилге арналган иш-чара болду

Бишкек, 29-октябрь /Кабар/. КР Экономика министрлигинде Мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу кече болуп өттү. Министр Арзыбек Кожошев иш-чаранын ачылышында куттуктоо сөзү менен бирге башка улуттардын кызыгуусу өзүбүздүн тилге жасаган мамилебизден көз каранды болуп, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өзүбүздүн жоопкерчилигибиз чоң экендигин белгилей кетти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов: “Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет” деген жакшы кеп бар элибизде, демек жетекчилик тарабынан талап күчтүү болсо тартип орноп, иш алдыга жылат. Арзыбек Орозбекович, мекемедеги мамлекеттик тилдин абалын башкаларга үлгү болгудай кылып жакшыртуу сиздин колуңузда ,” – деп министрге кайрылды.

Ошондой эле, ал мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салымын кошкон кызматкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
КР Экономика министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча адиси министрликтеги мамлекеттик тил боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Иш-чараны министрликтин кызматкерлери тарабынан уюштурулган таймаш коштоп, көркөм окуу, бата берүү, макал-лакап айтуу сыяктуу сөз өнөрү боюнча күч сынашты.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу