Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/10 18:15
 

КРнын Бажы кызматы Москвада өткөн Эл аралык көргөзмөгө катышты

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Москвда 25-26-октябрда “Бажы кызматы – 2016” 17-Эл аралык көргөзмө өттү. Быйыл ал “Россия бажысына 26 жыл: алдыңкы технология, натыйжалуулук, өнөктөштүк” деген аталышта болду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөгө 30дан ашык өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

КР Мамлекеттик бажы кызматы “КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына 25 жыл” аталышында өз экспозициясын тартуулады.

Бажы кызматынын жетекчиси Азамат Сулайманов жетектеген КР Мамбажы кызматынын улуттук колориттеги экспозициясы көзгөзмөгө катышуучулардын көңүлүн бурду.

КР Мамбажы кызматынын экспозициясын Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия жана Беларуссия, Казакстан, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын өкүлдөрү келип көрүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу