Коом

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
28/10 18:08
 

Бишкекте “Кийиз дүйнө – көчмөн руху” долбоорунун бет ачары болду

Бишкекте “Кийиз дүйнө – көчмөн руху” долбоорунун бет ачары болду

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Бүгүн сүрөт искусство музейинде “Миң кыял” коомдук фонду “Кийиз дүйнө – көчмөн руху” долбоорунун бет ачарын өткөрдү.

Бет ачардын программасынын башында долбоор тууралуу 14 мүнөттүк тасма көрсөтүлүп, андан кийин кыргыз элинин салттуу билимин окутуучу видеосабактардын, бет ачардын расмий ачылышы болду.

Ошондой эле, долбоордун алкагында салттуу кыргыз чапандарынын коллекциясы көрсөтүлүп, долбоордун сүрөт көргөзмөсү ачылды, кол өнөрчүлүктүн салттуу түрлөрү боюнча мастер-класстар болду.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында 2 жыл аралыгында жайкысын кыргыздардын 19-кылымдагы көчмөн шарттарына жакын тоо жайыттарында көчмөн боз үй лагерлери жайылтылган, анда азыркы заманбап буюмдар: унаа, электр энергиясы жана телефон колдонулган эмес.

Уюштуруучулар 2 жыл аралыгында салттуу билимди алып жүргөндөрдү аныктоо, жоголуп бара жаткан кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардык мүмкүн болгон маалыматтарды жыйноо, Кыргызстан, Борбордук Азия жана Россиянын музейлер фондундагы салттуу кыргыз чапандары тууралуу архивдик материалдарды жыйноо боюнча ири иштерди жүргүзүшкөн. Бардык жыйналган материалдарды “Миң Кыял” коомдук фонду лагердин окуу программасынын негизине, салттуу чапандарды оңдоп-түзөө боюнча иштерге, видео сабактарды түзүү, брошюра жана альбомдорду басып чыгарууга жумшаган.

1 из 11

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу